Кабинет Укрепления Здоровья города Балыкчи Ден Соолук Чындоо кабинети

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Balykchy
  • Кабинет Укрепления Здоровья города Балыкчи Ден Соолук Чындоо кабинети
Website

Кабинет Укрепления Здоровья города Балыкчи Ден Соолук Чындоо кабинети Профилактика инфекционных и неинфекционных заболеваний

НА СТРАЖЕ ЗДОРОВЬЯ: ОПЫТ И МОЛОДОСТЬ В БОРЬБЕ С БЕШЕНСТВОМВ Балыкчы состоялась важная встреча медицинских работников, по...
30/09/2026

НА СТРАЖЕ ЗДОРОВЬЯ: ОПЫТ И МОЛОДОСТЬ В БОРЬБЕ С БЕШЕНСТВОМ

В Балыкчы состоялась важная встреча медицинских работников, посвящённая профилактике одного из самых опасных инфекционных заболеваний — бешенства.

Есть профессии, в которых невозможно работать без любви к людям, ответственности и искреннего желания помогать. Именно такой является работа специалистов санитарно-эпидемиологической службы, которые ежедневно стоят на страже здоровья населения, предупреждая распространение опасных инфекционных заболеваний.

Особых слов благодарности заслуживают сотрудники Балыкчинского городского центра профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора — Кенже Жапаровна Исенбаева и Айзат Асантуровна Султангазиева.

Кенже Жапаровна Исенбаева — помощник врача-эпидемиолога, посвятившая любимой профессии 35 лет своей жизни. За эти годы она накопила бесценный опыт, профессиональные знания и заслужила уважение коллег. За её плечами — десятилетия ответственного труда, направленного на предупреждение инфекционных заболеваний и сохранение здоровья людей.

Рядом с ней трудится представитель молодого поколения медицинских специалистов — врач Айзат Асантуровна Султангазиева. Её молодость, энергия и стремление к профессиональному развитию прекрасно дополняют многолетний опыт старшей коллеги. Именно в таком союзе опыта и молодости рождаются преемственность поколений и лучшие традиции медицинской профессии.

Недавно эти замечательные специалисты совместно с Кабинетом укрепления здоровья города Балыкчи Керимовой Нурбюбю провели информационно-разъяснительную встречу с медицинскими работниками Балыкчинского городского Центра общеврачебной практики, посвящённую вопросам профилактики бешенства.

В ходе беседы они рассказали об опасности этого заболевания, путях передачи инфекции, мерах предупреждения заражения и необходимости своевременного обращения за медицинской помощью после укусов и других опасных контактов с животными. Особое внимание было уделено важности своевременной антирабической помощи, поскольку бешенство после появления клинических симптомов практически всегда заканчивается смертельным исходом. Встреча стала не только возможностью обменяться профессиональными знаниями, но и ещё одним напоминанием о том, насколько важна совместная работа специалистов санитарно-эпидемиологической службы и медицинских работников первичного звена.
35 лет преданности профессии и энергия молодого специалиста — прекрасный пример того, как опыт и новые знания объединяются ради одной благородной цели: сохранения человеческих жизней.

От всей души выражаем искреннюю благодарность Кенже Жапаровне Исенбаевой и Айзат Асантуровне Султангазиевой за их добросовестный труд, профессионализм, отзывчивость и готовность делиться своими знаниями с коллегами. Желаем вам крепкого здоровья, семейного благополучия, неиссякаемой энергии, профессиональных успехов и благодарности людей, ради которых вы ежедневно трудитесь!
Пусть ваш благородный труд всегда будет оценён по достоинству, а накопленный опыт передаётся новым поколениям медицинских работников.

Ведь предупреждённая болезнь — это сохранённое здоровье, а порой и спасённая человеческая жизнь!

Садыков Б. специалист Кабинета укрепления здоровья города Балыкчи

28-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк кутурма оорусуна каршы күрөшүү күнү. Бул күндүн негизги максаты — калк арасында кутурма оо...
28/09/2026

28-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк кутурма оорусуна каршы күрөшүү күнү. Бул күндүн негизги максаты — калк арасында кутурма оорусу, анын алдын алуу жолдору жана жаныбарлар менен коопсуз мамиле кылуу тууралуу маалыматтуулукту жогорулатуу.

Кутурма — борбордук нерв системасын жабыркаткан, адамдын жана жаныбарлардын өмүрүнө чоң коркунуч келтирген жугуштуу оору. Оору белгилери пайда болгондон кийин кутурма дээрлик дайыма өлүмгө алып келет. Ошол эле учурда, өз убагында алдын алуу чаралары көрүлсө, кутурманын алдын алууга болот.

Кутурма кантип жугат?
Кутурма вирусу көбүнчө ылаңдаган жаныбардын шилекейи аркылуу жугат. Адамга оору жаныбар тиштегенде, тырмаганда же шилекейи жараланган териге жана былжыр челге тийгенде жугушу мүмкүн.

Ошондуктан көчөдө жүргөн, кароосуз калган жана жапайы жаныбарлар менен байланышууда өзгөчө этият болуу зарыл.

Балдарга да жаныбарлар менен мамиле кылуунун коопсуздук эрежелерин үйрөтүү маанилүү. Бейтааныш итке же мышыкка жакындабоо, аларды кармабоо, ойнотпоо жана өзгөчө жапайы жаныбарларга тийбөө керек.

Эгер жаныбар адаттан тыш жүрүм-турум көрсөтүп, себепсиз агрессивдүү болуп, адамдан коркпой же тескерисинче өтө шалдырап жүрсө, ага жакындабагыла.

Жаныбар тиштеп же тырмап алса эмне кылуу керек?
Эгерде адамды ит, мышык же башка жаныбар тиштеп же тырмап алса, же жаныбардын шилекейи жараланган жерге тийсе, убакытты өткөрбөй медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

Биринчи жардам катары жаракат алган жерди дароо эле самын жана агын суу менен кылдат жууп салуу керек. Андан кийин мүмкүн болушунча тез арада медициналык мекемеге кайрылып, дарыгердин кеңешин алуу зарыл.

Оорунун белгилери пайда болгонун күтүүгө болбойт. Кутурмага каршы эмдөө жана башка профилактикалык чараларды жүргүзүү зарылдыгын медициналык кызматкер аныктайт.

Эң негизгиси — өз алдынча дарыланууга аракет кылбоо жана медициналык жардамга кайрылууну кийинкиге калтырбоо.

Балыкчыда калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
28-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк кутурма оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Балыкчы шаарындагы Ден соолукту чыңдоо кабинети тарабынан калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүргүзүлүүдө.

Кабинеттин кызматкерлери шаар тургундарына жана айыл жергесиндеги калкка кутурма оорусунун коркунучу, анын жугуу жолдору жана алдын алуу чаралары тууралуу маалымат берип жатышат.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө жарандарга жаныбарлар менен коопсуз мамиле кылуу, балдарды кароосуз жаныбарлардан сактоо, үй жаныбарларын өз убагында эмдетүүнүн мааниси жана жаныбар тиштеген учурда тез арада медициналык жардамга кайрылуу зарылдыгы тууралуу маалыматтар жеткирилүүдө.

Ошондой эле маалыматтык материалдар таратыла турган жерлерде профилактикалык кеңештер берилип, калктын суроолоруна жооптор берилүүдө.

Үй жаныбарларына жоопкерчиликтүү мамиле кылалы
Кутурманын алдын алууда үй жаныбарларынын ээлеринин жоопкерчилиги да чоң мааниге ээ. Ит, мышык жана башка үй жаныбарларын ветеринардык кызматтын сунуштарына ылайык өз убагында кутурмага каршы эмдетүү зарыл.

Үй жаныбарларын кароосуз калтырбоо жана алардын көчөдө башка жаныбарлар менен көзөмөлсүз байланышына жол бербөө да оорунун алдын алууга жардам берет.

Ден соолук — жалпы жоопкерчилик
Кутурманын алдын алуу — медицина жана ветеринария кызматкерлеринин гана эмес, ар бир жарандын жоопкерчилиги.

Балыкчы шаарынын жана айыл жерлеринин тургундарын сак болууга, балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана жаныбарлар менен байланышууда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырабыз.

Эсиңизде болсун:

Жаныбар тиштесе же тырмаса — убакытты өткөрбөңүз!
Жаракат алган жерди самын жана суу менен жууп, дароо медициналык жардамга кайрылыңыз.
Кутурманын алдын алуу өз убагында көрүлгөн чарадан башталат!

Өз ден соолугуңузга жана жакындарыңыздын ден соолугуна кайдыгер карабаңыз. Кутурманын алдын алуу — өмүрдү сактоо!

Балыкчы шаардык Ден соолукту чыңдоо кабинети

Кутман тан,ЖҮРӨККӨ КАМ КӨРГӨН АСЫЛ КЕСИП ЭЭСИ29-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө каратаМедицина кызматкерлеринин,...
28/09/2026

Кутман тан,

ЖҮРӨККӨ КАМ КӨРГӨН АСЫЛ КЕСИП ЭЭСИ

29-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата

Медицина кызматкерлеринин, өзгөчө медайымдардын эмгеги ар дайым терең урматтоого татыктуу. Алар күн сайын адамдардын саламаттыгы үчүн кам көрүп, ар бир бейтапка жылуу мамиле жасап, өз ишине болгон берилгендиги менен айырмаланышат.

Мына ушундай ак халатчан асыл инсандардын бири — Балыкчы шаардык Жалпы дарыгерлер практика борборунун ЭКГ кабинетинин медайымы Осмоналиева Эльмира Бешимбековна.

35 жылдык эмгек жолун элдин саламаттыгына арнаган Эльмира Бешимбековна өз кесибин сүйгөн, жоопкерчиликтүү жана эмгекчил медайым. ЭКГ кабинетинде бир күндө 20 бейтапты кабыл алуу белгиленген болсо, ал күн сайын 35тен ашуун адамды тейлеп, ар биринин жүрөгүнүн абалын текшерүүгө өз салымын кошуп келет.

Анын күнүмдүк түйшүктүү эмгегинин артында канчалаган адамдардын үмүтү, ишеними жана ыраазычылыгы жатат. Ар бир бейтапка көңүл буруу, сабырдуулук жана мээрим менен мамиле кылуу — анын кесиптик ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү.

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнүн алдында Эльмира Бешимбековнага жана анын кесиптештерине талыкпаган эмгеги, кесибине болгон берилгендиги жана адам өмүрүнө жасаган камкордугу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Урматтуу Эльмира Бешимбековна! Сиз башкалардын жүрөгүнө кам көрүп келесиз. Сиздин да жүрөгүңүз ар дайым кубанычка, мээримге жана бакытка толсун! Ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун, эмгегиңиз ар дайым баалуу болсун!

Жүрөктөрдүн саламаттыгы үчүн эмгектенген бардык медайымдарга терең таазим! ❤️Ден соолук чындоо кабинети

29-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата Балыкчы шаарынын Ден соолукту чыңдоо кабинети Жалпы дарыгерлик практик...
25/09/2026

29-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата Балыкчы шаарынын Ден соолукту чыңдоо кабинети Жалпы дарыгерлик практика борборунун медициналык кызматкерлери менен биргеликте шаардык мекемелердин кызматкерлеринин кан басымын өлчөө боюнча акция өткөрдү.

Бүгүн Балыкчы шаарынын Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Керимова Нурбүбү жана медайым Ибраева Айдана шаардык мэрияга, архитектура башкармалыгына, шаардык каржы бөлүмүнө жана мэриянын алдындагы «Мүлк» башкармалыгына барышты.

Жылуу жана жагымдуу маанайда өткөн иш-чаранын жүрүшүндө мекемелердин кызматкерлери кан басымын өлчөтүп, аны көзөмөлдөө боюнча жекече кеңештерди алышты. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу тууралуу пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.

Иш-чаранын негизги максаты — күнүмдүк түйшүккө жана жумуштун көптүгүнө карабастан, ар бир адамга өз ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүүлүгүн эскертүү. Анткени тынымсыз жумуш менен алек болуп жүрүп, кээде эң башкы байлыгыбыз — ден соолугубузду, өзгөчө жүрөгүбүздү унутуп коёбуз.

Медициналык кызматкерлер кан басымды үзгүлтүксүз өлчөп туруу, туура тамактануу, дене тарбия менен машыгуу, сергек жашоо образын кармануу жана өз убагында дарыгерге кайрылуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Мындай көчмө иш-чаралар оорулардын алдын алуу чараларын калкка жеткиликтүү кылып, ден соолукка кам көрүүнү күнүмдүк жакшы адатка айландырууга өбөлгө түзөт. Анткени кан басымды өлчөөгө бөлүнгөн бир нече мүнөт олуттуу оорулардын алдын алууга багытталган алгачкы маанилүү кадам болушу мүмкүн.

Эске сала кетсек, жыл сайын 29-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленет. Бул күн ар бирибизге жүрөгүбүздү сактоо жана ден соолугубузга күн сайын кам көрүү зарылдыгын эскертип турат.

💐 ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ!

Балыкчы шаарынын мэриясынын жетекчилигине жана медициналык багыт боюнча куратор, мэриянын социалдык бөлүмүнүн адиси Мира Султанбаевага иш-чараларыбызды ар дайым колдоп, ар бир демилгебизге өзгөчө көңүл буруп, калктын ден соолугун чыңдоого кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Ошондой эле Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилигине жана медайымдарына биргелешкен жемиштүү иши, ар бир шаар тургунуна жасаган аяр мамилеси жана калктын саламаттыгын чыңдоого кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз!

❤️ Жүрөгүңүздөрдү жана жакындарыңыздардын жүрөгүн сактаңыздар! Ден соолугуңуздар өз колуңуздарда экенин унутпаңыздар! Оорулардын алдын алуу өзүбүзгө кам көрүүдөн башталат!

#БүткүлДүйнөлүкЖүрөкКүнү #ДенСоолуктуЧыңдооКабинети #Балыкчы #ЖДПБ #КанБасымдыКөзөмөлдөө #ДениСакЖүрөк

Б. Садыков
Балыкчы шаарынын Ден соолукту чыңдоо кабинетинин кызматкери

Кутман кун,Жүрөккө кам көрүү — ден соолукка кам көрүүДен соолук чындоо кабинетинин адистери 2 сентябрьда шаардык Арт гал...
23/09/2026

Кутман кун,

Жүрөккө кам көрүү — ден соолукка кам көрүү
Ден соолук чындоо кабинетинин адистери 2 сентябрьда шаардык Арт галереяда Балыкчы шаардык китепканасынын кызматкерлери менен коомдук саламаттыкты сактоо маселелерине арналган жылуу жана мазмундуу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө адамдын ден соолугун сактоодо күнүмдүк жашоо образынын мааниси тууралуу кеңири сөз болду. Өзгөчө жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, жүрөккө аяр мамиле кылуу жана туура тамактануунун маанилүүлүгүнө көңүл бурулду.
Катышуучулар менен баарлашууда жүрөк — адамдын жашоосундагы эң маанилүү органдардын бири экендиги белгиленип, ага кам көрүү оорунун алдын алуудан баштала тургандыгы айтылды. Кан басымды көзөмөлдөө, кыймыл-аракетти көбөйтүү, жетиштүү эс алуу, стрессти азайтуу жана ден соолукка пайдалуу адаттарды калыптандыруу жүрөктүн саламаттыгын сактоого жардам берери тууралуу пикирлер айтылды.
Ошондой эле туура тамактануу темасы өзгөчө талкууланды. Күнүмдүк рациондо жашылча-жемиштерди, дан азыктарын жана пайдалуу азыктарды көбөйтүү, тузду, кантты жана майлуу тамактарды ченеми менен колдонуу зарылдыгы белгиленди. Туура тамактануу — убактылуу диета эмес, ден соолукка кам көрүүнүн күнүмдүк маданияты экендиги айтылды.
Жолугушууда ден соолук тууралуу маалыматты кеңири жайылтууда китепканалардын да орду чоң экени белгиленди. Китепкана — китеп окуу үчүн гана эмес, адамдар пайдалуу маалымат алып, маанилүү темаларды талкуулап, бири-бири менен тажрыйба бөлүшө турган коомдук мейкиндик.
Жолугушуу эркин пикир алышуу жана суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Ден соолукка кам көрүү — ар бир күндөн башталат. Жүрөгүбүзгө аяр мамиле жасап, туура тамактанып, сергек жашоону адатка айлантуу менен өзүбүздүн жана жакындарыбыздын келечегине кам көрөбүз.

Керимова Нурбюбю ДЧК адиси

22/09/2026
Доброе утро всем,ВМЕСТЕ МЫ СИЛА !В соответствии с приказом Республиканского центра укрепления здоровья и массовой коммун...
11/09/2026

Доброе утро всем,

ВМЕСТЕ МЫ СИЛА !

В соответствии с приказом Республиканского центра укрепления здоровья и массовой коммуникации Министерства здравоохранения Кыргызской Республики во всех общеобразовательных учреждениях города с 2 по 14 сентября продолжаются встречи в рамках декады работы с родителями учащихся «Десять шагов к совместному успеху».

Совместно с социальным отделом мэрии и городским центром образования специалисты Балыкчинского кабинета укрепления здоровья продолжают проводить информационно-профилактические встречи с родителями учащихся города.

Главная цель декады — укрепление сотрудничества между школой и родителями, повышение их информированности по вопросам воспитания и обучения детей, прежде всего, сохранения и укрепления их здоровья. Данные мероприятия должны проводиться в комплексе в межсекторальном взаимодействии то есть должны вместе действовать органы местного самоуправления, здравоохранения ,образования, отдела внутренних дел города Балыкчи .
Одним из ключевых направлений декады являются вопросы здоровья школьников, правильного и сбалансированного питания, профилактики заболеваний и вакцинации.

В рамках декады охвачены все учебные заведения и дошкольные учреждения города), состоялись встречи с родителями, в ходе которых были рассмотрены вопросы здорового образа жизни, правильного питания, а также профилактики заболеваний.

В рамках мероприятий сотрудники кабинета укрепления здоровья провели с родителями профилактические беседу. Особое внимание было уделено вопросам правильного питания детей, поскольку полноценный и сбалансированный рацион является одним из важнейших факторов нормального физического и интеллектуального развития ребёнка.

Встречи прошли в формате открытого диалога: родители получили полезную информацию, смогли задать интересующие вопросы и получить рекомендации специалистов по сохранению здоровья детей и формированию здоровых привычек в семье.

Работа в рамках декады «Десять шагов к совместному успеху» продолжается.

Всем привет,ВМЕСТЕ МЫ СИЛА !В соответствии с приказом Республиканского центра укрепления здоровья и массовой коммуникаци...
09/09/2026

Всем привет,

ВМЕСТЕ МЫ СИЛА !

В соответствии с приказом Республиканского центра укрепления здоровья и массовой коммуникации Министерства здравоохранения Кыргызской Республики во всех общеобразовательных учреждениях города с 2 по 14 сентября продолжаются встречи в рамках декады работы с родителями учащихся «Десять шагов к совместному успеху».

Совместно с социальным отделом мэрии и городским центром образования специалисты Балыкчинского кабинета укрепления здоровья продолжают проводить информационно-профилактические встречи с родителями учащихся города.

Главная цель декады — укрепление сотрудничества между школой и родителями, повышение их информированности по вопросам воспитания и обучения детей, а также, прежде всего, сохранения и укрепления их здоровья.

Одним из ключевых направлений декады являются вопросы здоровья школьников, правильного и сбалансированного питания, профилактики заболеваний и вакцинации.

7 и 8 сентября в школах имени Джакыпова и лицее имени Ибраева состоялись встречи с родителями, в ходе которых были рассмотрены вопросы здорового образа жизни, правильного питания, а также профилактики заболеваний.

В рамках мероприятий сотрудник кабинета укрепления здоровья Керимова Нурбюбю провела с родителями профилактическую беседу. Особое внимание было уделено вопросам правильного питания детей, поскольку полноценный и сбалансированный рацион является одним из важнейших факторов нормального физического и интеллектуального развития ребёнка.
В рамках тематических мероприятий Всемирной организации здравоохранения особое внимание было уделено бережному отношению к здоровью сердца и профилактике бешенства. Также были затронуты вопросы вакцинации детей и взрослых, в частности важности профилактических прививок против гепатита и столбняка.
Встречи прошли в формате открытого диалога: родители получили полезную информацию, смогли задать интересующие вопросы и получить рекомендации специалистов по сохранению здоровья детей и формированию здоровых привычек в семье.

Работа в рамках декады «Десять шагов к совместному успеху» продолжается.

Кутман кун«Биргелешкен ийгиликке карай он кадам»: Балыкчы шаарында ата-энелер менен жолугушуулар улануудаКыргыз Республи...
09/09/2026

Кутман кун

«Биргелешкен ийгиликке карай он кадам»: Балыкчы шаарында ата-энелер менен жолугушуулар уланууда

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борборунун буйругуна ылайык, Балыкчы шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринде 2-сентябрдан 14-сентябрга чейин ата-энелер менен иш алып барууга багытталган «Биргелешкен ийгиликке карай он кадам» аттуу декаданын алкагында маалыматтык жана профилактикалык жолугушуулар өткөрүлүүдө.
Аталган иш-чаралар шаардык мэриянын социалдык бөлүмү, шаардык билим берүү борбору жана Балыкчы шаардык ден соолукту чыңдоо кабинети тарабынан биргеликте уюштурулуп, шаардагы мектептердин ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Декаданын негизги максаты — мектеп менен ата-энелердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, балдарды тарбиялоо жана окутуу маселелери боюнча ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле балдардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого багытталган пайдалуу маалыматтарды жеткирүү.
Балдардын ден соолугу — үй-бүлө менен мектептин биргелешкен аракетин талап кылган маанилүү маселелердин бири. Ушуга байланыштуу жолугушууларда окуучулардын ден соолугун сактоо, сергек жашоо образын калыптандыруу, туура жана тең салмактуу тамактануу, оорулардын алдын алуу жана эмдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
7–8-сентябрь күндөрү Жакыпов атындагы мектепте жана Ибраев атындагы лицейде ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө сергек жашоо образы, балдардын туура тамактануусу, ар кандай оорулардын алдын алуу боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Иш-чаранын алкагында Балыкчы шаардык ден соолукту чыңдоо кабинетинин кызматкери Керимова Нурбюбү ата-энелер менен профилактикалык маек өткөрдү. Анда балдардын күнүмдүк тамактануусуна өзгөчө көңүл бурулуп, туура жана тең салмактуу тамактануу баланын дене-бой жана акыл-эс жактан толук кандуу өсүп-өнүгүүсүнүн маанилүү факторлорунун бири экендиги белгиленди.
Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тематикалык күндөрүнө байланыштуу жүрөк саламаттыгына кам көрүү, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жана сергек жашоонун мааниси тууралуу маалыматтар айтылды. Мындан тышкары, кутурма оорусунун алдын алуу, анын коркунучу жана өз убагында медициналык жардамга кайрылуунун маанилүүлүгү боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушууларда эмдөө маселеси да кеңири талкууланды. Атап айтканда, балдарды гана эмес, чоңдорду да эмдөөдөн өткөрүүнүн маанилүүлүгү, анын ичинде гепатит жана селейме ооруларына каршы профилактикалык эмдөөлөрдүн ролу тууралуу маалымат берилди. Адистер ата-энелерди эмдөө боюнча ишенимдүү медициналык маалыматтарды жетекчиликке алууга жана зарыл учурда медицина кызматкерлеринен кеңеш алууга чакырышты.
Жолугушуулар ачык баарлашуу форматында өтүп, ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден тиешелүү жоопторду жана балдардын ден соолугун сактоо боюнча пайдалуу сунуштарды алышты.
Балага туура тамактануу маданиятын үйрөтүү, күнүмдүк жашоосуна сергек адаттарды киргизүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тарбиялоо — ата-эненин да, мектептин да орток милдети. Мындай жолугушуулар ата-энелердин медициналык жана санитардык сабаттуулугун жогорулатуу менен бирге, балдардын ден соолугун коргоого багытталган биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
«Биргелешкен ийгиликке карай он кадам» декадасынын алкагындагы маалыматтык-профилактикалык жолугушуулар Балыкчы шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринде улантылууда.

Address

Иссык Кульская область, город Балыкчи , Улица Океева 94
Balykchy
721900

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кабинет Укрепления Здоровья города Балыкчи Ден Соолук Чындоо кабинети posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share