11/02/2026
Айылдык ден соолук комитеттеринин саламаттыкты сактоого кошкон салымы зор
Февраль айында "Жооптуу бол!" айлыгынын алкагында айылдык ден соолук комитеттеринин ыктыярчылары YДТ жана ФАП медицина кызматкерлерине активдүү жардам көрсөтүп жатышат.
Алардын колдоосу медициналык мекемелердин ишин жеңилдетип, калкты сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоого чоң салым кошууда.
Ыктыярчылар өз убагында жардам берип, коомдун ден соолугуна кам көрүүдө жоопкерчиликтүү мамиле кылып жатканы кубандырат.
Бул демилге айылдык ден соолук комитеттеринин маанилүү ролун дагы бир жолу баса белгилеп, алардын коомдук саламаттыкты сактоодогу активдүү катышуусун көрсөтүп турат. Ыктыярчылар медициналык кызматкерлерге административдик иштерди аткарууда, калкты медициналык кызматтар тууралуу маалымдоодо, ошондой эле алдын алуу иш-чараларын уюштурууда жардам берип, медициналык персоналдын негизги милдеттерине толук көңүл буруусуна шарт түзүп беришүүдө. Мындай өз ара жардамдашуунун натыйжасында, айыл тургундарына жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. "Жооптуу бол!" айлыгынын алкагында жүргүзүлүп жаткан бул иш-чаралар, саламаттыкты сактоо системасын бекемдөөгө жана айыл калкынын ден соолугун жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Бул ыктыярдуу аракеттердин уланышы, келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишүүгө жол ачат.
#ЖЭО
#жооптуубол