08/09/2026
👨👩👧👦✨ АТА-ЭНЕЛЕР ДЕКАДАСЫ
🏫 Бүгүнкү күндө мектептерде жана бала бакчаларда «Ата-энелер декадасы» өткөрүлүүдө.
Бул декаданын негизги максаты — балдардын коопсуз, дени сак жана бактылуу келечеги үчүн үй-бүлө менен билим берүү уюмунун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө. 🤝💛
Декаданын алкагында:
🇰🇬 улуттук баалуулуктарды калыптандыруу;
🌿 сергек жашоо образын жайылтуу;
🛡️ коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу;
🚫 зомбулуктун, буллингдин жана кибербуллингдин алдын алуу;
⚠️ баңгизаттарды колдонуунун, эрте никенин, коррупциянын жана радикализмдин алдын алуу;
❤️ балдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана бакубаттуулугуна коркунуч келтирген терс көрүнүштөрдөн сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
👨👩👧 Баланын тарбиясы жана коопсуздугу — үй-бүлө менен мектептин биргелешкен жоопкерчилиги.
🤝 Ата-эне, мугалим жана бала ортосундагы бекем байланыш — ийгиликтүү жана жаркын келечектин пайдубалы! 🌟