Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора

Call Directions Website Contact the business

Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора Реализует государственную политику в области обществ?

БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ БАЛДАР БАКЧАСЫНДА МИТЕ КУРТТАРГА ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮДозордук эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында Бат...
10/10/2026

БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ БАЛДАР БАКЧАСЫНДА МИТЕ КУРТТАРГА ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Дозордук эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында Баткен шаарындагы «Өрүк-Зар» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиялануучуларынан мите курттарга лабораториялык анализдер алынды.

Иш-чара балдардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүү, мите курт ооруларын эрте аныктоо жана алардын алдын алуу максатында уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР

ОКУУЧУЛАРДАН МИТЕ КУРТТАРГА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК АНАЛИЗ АЛЫНДЫОблустагы кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн...
09/10/2026

ОКУУЧУЛАРДАН МИТЕ КУРТТАРГА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК АНАЛИЗ АЛЫНДЫ

Облустагы кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун паразитолог-лаборанттары дозордук эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында Ж. Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучуларынан мите курттарга карата лабораториялык анализдерди алышты.

Иш-чаранын негизги максаты - балдардын арасында мите курттардын таралышын аныктоо, оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
batken_meriya
Билим берүү жана илим министрлиги

Облустагы кызматтын иш-аракеттерин координациялоо милдети жүктөлгөн Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамле...
08/10/2026

Облустагы кызматтын иш-аракеттерин координациялоо милдети жүктөлгөн Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан Лейлек район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мекеменин ишмердүүлүгү, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү багытындагы аткарылып жаткан иштер каралып, тиешелүү багыттар боюнча консультативдик-усулдук жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу жана иштин сапатын жакшыртуу боюнча адистерге тиешелүү сунуштар берилди.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР

БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮСүлүктү шаарында билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине се...
07/10/2026

БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Сүлүктү шаарында билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине семинардык сабактар өткөрүлдү.

Иш-чара Сүлүктү шаардык ОАА жана МСЭК борборунун кызматкерлери жана Сүлүктү шаардык ЖДПБнын ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери тарабынан уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү темалар боюнча кеңири маалыматтар берилди:

* «Билим берүү мекемелеринде балдардын тамактануусун уюштуруу»;
* «Аш тизмени түзүү эрежелери»;
* «Технологиялык карталар менен иштөө тартиби»;
* «1 жаштан 10 жашка чейинки балдардын күнүмдүк физиологиялык муктаждыктары»;
* «Суу ичүү режими»;
* «Кутурма оорусунун алдын алуу».

Адистер балдардын туура жана тең салмактуу тамактануусун уюштуруунун маанилүүлүгүнө, күнүмдүк физиологиялык муктаждыктарын камсыз кылууга, суу ичүү режимин сактоого жана жугуштуу оорулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, кутурма оорусунун алдын алуу, оорунун белгилери жана жаныбар тиштеген учурда көрүлүүчү чаралар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай иш-чаралар билим берүү мекемелеринде балдардын ден соолугуна коопсуз жана жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
shaxter_jolu

Сүлүктү шаарында комплекстүү текшерүү жүргүзүлүүдө. Текшерүү Сүлүктү жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жана шаарды...
06/10/2026

Сүлүктү шаарында комплекстүү текшерүү жүргүзүлүүдө. Текшерүү Сүлүктү жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жана шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда өткөрүлүп жатат.

Иш-чараны облустагы кызматтык иш-аракеттерди координациялоо милдети жүктөлгөн Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери жүргүзүүдө.

Комплекстүү текшерүүнүн жүрүшүндө мекемелердин ишмердүүлүгү, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана тиешелүү документтердин жүргүзүлүшү каралууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү сунуштар берилип, аларды жоюу боюнча чаралар белгиленет.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
shaxter_jolu

🩺 УРМАТТУУ ДАРЫГЕРЛЕР!Урматтуу Асел Базарбаевна, Дыканали Жунусалиевич баштаган дарыгерлер!Сиздерди кесиптик майрамыңызд...
05/10/2026

🩺 УРМАТТУУ ДАРЫГЕРЛЕР!

Урматтуу Асел Базарбаевна, Дыканали Жунусалиевич баштаган дарыгерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Дарыгерлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Адамдын ден соолугун сактоо, өмүрүн коргоо чоң жоопкерчиликти, терең билимди жана кесипкөйлүктү талап кылган ардактуу кесип. Ар бир бейтапка көрсөткөн жардамыңыздар, мээримиңиздер жана талыкпаган эмгегиңиздер сый-урматка татыктуу.

Өзгөчө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда эмгектенген дарыгерлерди жана медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! Сиздер калктын ден соолугун коргоодо, жугуштуу оорулардын алдын алууда, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү кызмат аткарып келесиздер.

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, кесиптик ийгилик жана түйшүктүү эмгегиңиздерде чоң жетишкендиктерди каалайбыз!

Элдин ден соолугу үчүн кылган ак эмгегиңиздер ар дайым бааланып, эмгегиңиздер үзүрлүү болсун!

Дарыгерлер күнүңүздөр менен!

СУЛУУЛУК САЛОНДОРУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ САНИТАРДЫК ЭРЕЖЕЛЕР БОЮНЧА МААЛЫМАТ БЕРИЛДИКызыл-Кыя санэпид көзөмөл борборунун са...
25/09/2026

СУЛУУЛУК САЛОНДОРУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ САНИТАРДЫК ЭРЕЖЕЛЕР БОЮНЧА МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ

Кызыл-Кыя санэпид көзөмөл борборунун санитардык бөлүмүнүн адистери тарабынан сулуулук салондорунун, чач тарачканалардын жана косметология кабинеттеринин кызматкерлерине «санитардык минимум» темасында семинардык сабак өткөрүлдү.

Иш-чарага жалпы 60 кызматкер катышты. Семинардын жүрүшүндө кардарларга кызмат көрсөтүүдө колдонулуучу шаймандарды туура залалсыздандыруу, стерилдөө жана санитардык талаптарды сактоо боюнча кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле шаймандар аркылуу жугуучу тери оорулары, алардын таралуу жолдору жана алдын алуу чаралары түшүндүрүлдү. Кызматкерлерге санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоонун маанилүүлүгү айтылды.

Мындан тышкары, кызматкерлердин медициналык кароодон өтүүсүнө байланыштуу талаптар боюнча суроо-жооп форматында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борбору
kyzylkiyacity

#баткен #кызылкыя #санэпидемстанция

КУТУРМА ООРУСУНУН АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮСүлүктү шаарында кутурма оорусунун алдын алуу максат...
25/09/2026

КУТУРМА ООРУСУНУН АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Сүлүктү шаарында кутурма оорусунун алдын алуу максатында №4 Р. Жолбаев жана №7 И. Разаков атындагы жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктү шаарындагы А.А. Машрабов атындагы медициналык колледжинин студенттерине эпидемиологдор тарабынан кутурма оорусунун жугуу жолдору, негизги белгилери, адамдын ден соолугуна тийгизген коркунучу жана алдын алуу чаралары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө ит, мышык жана башка жаныбарлар тиштеген же тырмаган учурда жаракат алган адам жараатын дароо самын жана агын суу менен жакшылап жууп, тез арада медициналык мекемеге кайрылуусу зарыл экендиги өзгөчө белгиленди.

Жарандарга жаныбарлар менен байланышууда сак болуу жана кутурма оорусунун алдын алуу чараларын так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
suluktu_med_college23
shaxter_jolu

#кутурма #сулукту #сүлүктү #кутурманыналдыналуу

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын Кара-Токой жалпы билим берүү мектебинде окуучулардан мите курттарга каршы лабо...
24/09/2026

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын Кара-Токой жалпы билим берүү мектебинде окуучулардан мите курттарга каршы лабораториялык анализдер алынууда.

Ошондой эле Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылындагы Б. Акматов атындагы жалпы билим берүү мектебинде пландуу текшерүү иштери жүргүзүлүп, лабораториялык анализдер жана сүртүндүлөр (смывдар) алынды.

КЫЗЫЛ-КЫЯДА КУТУРМА ООРУСУ ТУУРАЛУУ АЛДЫН АЛУУ БАГЫТЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ 28-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк кутурмага каршы күрө...
24/09/2026

КЫЗЫЛ-КЫЯДА КУТУРМА ООРУСУ ТУУРАЛУУ АЛДЫН АЛУУ БАГЫТЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ

28-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк кутурмага каршы күрөшүү күнүнө карата Кызыл-Кыя шаардык ОАА жана МСЭКБнын адистери тарабынан Кызыл-Кыя шаардык ЖДПБнын травматология бөлүмүндө жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусунда семинардык саат өткөрүлдү.

Иш-чарага Кызыл-Кыя шаардык жана Араван райондук ветеринария кызматтарынын өкүлдөрү да катышты.

Семинардын жүрүшүндө жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыркап медициналык жардамга кайрылган жарандар менен иш алып баруу, кутурмага каршы вакцинаны туура колдонуу, жаныбардын кутурмага шектүүлүгүн аныктоо, жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү жана оорунун алдын алуу боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооп берилип, практикалык маселелер талкууланды.

Семинарга жалпы 48 адам катышты.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борбору
kyzylkiyacity

Address

Улица Султанмурат минбашы 77
Sarykamysh
720100

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:00
Tuesday 08:30 - 17:00
Wednesday 08:30 - 17:00
Thursday 08:30 - 17:00
Friday 08:30 - 17:00
Saturday 08:30 - 12:15

Telephone

+996362250273

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора:

Shortcuts

Share