28/03/2026
📅 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык жарлыктын алкагында 2026 жылдын 24-март күнү, Талас районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда атайын иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө медициналык кызматкерлерге бул күндүн маанилүүлүгү кеңири түшүндүрүлүп, жарыяланган бир айлыктын алкагында ар бир кызматкер оорунун алдын алуу иш-чараларына активдүү катышып, өз салымын кошуусу керектиги белгиленди 🩺
Андан соң медициналык кызматкерлер кайрылган жарандарга кеңеш берип, керектүү консультациялар жүргүзүлдү ✅
Ден соолук — баарынан маанилүү! Өз убагында текшерилип, оорунун алдын алалы 🤍
#кургакучук #туберкулез #денсоолук #24март #Талас #медицина #скрининг #Кыргызстан